Бүгүн болгон өкмөттүн онлайн брифингинде биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов коменданттык саат жарыялангандан тарта кимдер көчөгө чыга алаары тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, өзгөчө абал киргизилген соң зарылчылык болбосо көчөгө чыгуунун кажети жок.
Биринчиден азык-түлүк алууга дүкөнгө чыкса болот. Экинчиден даары-дармекке жана үчүнүдөн атайы жазылган күбөлүгү бар жарандар чыга алат. Калган учурларда жарандын өздүгүн тактоо иштери жыйынтыкталганча милиция кызматкерлери тарабынан кармалат.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 15 санитардык-өткөрмө пункт тургузулгөн. Бишкек шаары боюнча комендант болуп ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев дайындалган.
Президенттин буйругу менен 25-марттан тарта саат 20:00дөн 07:00гө чейин Бишкек шаарына коменданттык саат киргизилет.