• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

“Коммунизмдин калдыгы” же Кыргызстандагы эң арзан “БНБ” ашканасынын сыры

11 Кулжа 2018 17:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11. 06. 2018. Govori.TV

Бир порция лагманды колго бышырылган нан менен түгөтүп, артынан сүттөгөн чайды ичип, бул үчүн болгону 40 сом төлөй турганы ашканын көрдүңүз беле? Анан калса сиз тамактанган ал ашканага кардар батпай, чет өлкөлүк туристтерден бери кезекке турганын билсизби? Кабарсыз болсоңуз, анда кулагыңызга күмүш сырга!

Мындай керемет тамактануучу жай Кочкор районунун борборунда жайгашкан “БНБ” ашканасы. Муну кыргызстандыктардан тартып чет өлкөлүк саякатчыларга чейин жакшы таанышат.

Айрым, ал жайды “Коммунизмдин жалгыз элеси” дешсе, көпчүлүк өлкөдөгү эң даамдуу, бирок, арзан ашкана катары сыпатташат.

Govori.TVнын кабарчылары да аталган жайдын мейманы болуп, “БНБ” ашканасынын кожоюну менен ат жалында маектешишти. Анда “БНБ” ашканасынын ээси Максат Абыкешов акыркы 10 жылдын ичинде ашканадагы тамактар болгону 2-3 сомго кымбаттаганын, ашканага кирип тамак ашты кенен-чонон буюрган кардар 100 сомго жетпеген акча төлөөрүн айтат.

«Азык-түлүк кымбаттап же арзандаса дагы «БНБ» ашканасындагы менюсунун баасы ушул боюнча калат. 10 жылдан бери тамактардын баасына болгону 2 же 3 сом кошулду. «БНБ» ашканасынын кардарлары көбүнчө лагман жешет» -дейт Абыкешов.

Баарынан кызыгы, буга чейин “БНБ” ашканасынын атына кызыккандар “Бизде нан бекер” деген сөздүн кыскартылышы деп божомолдошчу. Көрсө, ашкананы алгач Батма, Назира жана Бакыт аттуу бир туугандар негиздеп, аталышы ушул адам аттарынын алгачкы тамгаларынан алыныптыр.

“БНБ” ашканасындагы тамактардын баасы

“БНБ” ашканасынын менюсу менен сүрөттөрдөн таанышсаңыздар болот.

Количество просмотров: 40