Бишкек.29.04.2019.Govori.TV.
26-апрель күнү “Ак илбирс” кино сыйлыгында “Мыкты композитор” сыйлыгынын жеңүүчүсү Жолдошбек Апасов өзүнүн чыгармачылыктагы чыйыр жолу, жеке жашоосу жана алдыдагы пландары туурасында кененирээк маек курду.
“Дарак ыры кино тасмасын тартуу учурунда, күнүнө бирден ыр жазганга туура келди. Чарчаган учурларда баарынан баш тартып салсамбы деп өзүмө ишенбөөчүлүк дагы пайда болбой койгон жок. Бирок, кыянын кырына жетип калгандан кийин ат алмаштырбайт”,- деген каарманыбыз эмгегинин акыбети кайтканын айтат.