Бишкекте автобус жана троллейбустарда накталай эмес төлөмдөрдү киргизүү 3 айга жылдырылды. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровдун айтымында борборго жаңы автобустарды алып келүү иши жүрүп жатат.
«Биз 1-июлдан тарта киргизүүнү пландаганбыз. Бирок бир аз убакытка жылдырып турдук. Себеби, биз жаңы автобустарды алып келгени жатабыз. Ошол автобустар алынып келинсе электрондук төлөм ыкмасына чогу өтөбүз», — деди мэр
Кошумчалай кетсек, ноябрда борбор калаанын коомдук транспортунун кыймылдуу курамын жаңылоо күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин мэрия Бишкекте 1-июлдан баштап автобус менен троллейбустарда жол акыны накталай акча менен төлөөгө болбой тургандыгын билдирген.