• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Кореядан келген дарыгерлер жарандарды акысыз кабыл алууда

18 Теке 202310:12 Бишкек Govori.TV

17-18-июлда Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда Кореядан келген дарыгерлер жарандарды акысыз кароодон өткөрүп, консультация беришүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандарды акысыз кабыл алуу жана кеңеш берүү «СеулАсан» кайрымдуулук фондунун демилгеси менен КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулду. Учурда Улуттук госпиталдын базасында «СеулАсан» ооруканасынын (Түштүк Корея) дарыгерлери жарандарды кабыл алып, акысыз консультация беришүүдө.

Каалоочулар ЛОР дарыгери, педиатр, кардиолог, окулист, гастроэнтеролог, терапевт, кардиолог, аллерголог, стоматолог жана башка адистерден кеңеш ала алышат.

Белгиленгендей, кабыл алуу Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасынын имаратында жүргүзүлүп, кыргызстандык дарыгерлер кореядан келген адистер менен тажрыйба алмашуу максатында бирге иш алып барышууда.

Количество просмотров: 137