• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Коргоо министрлиги 37 млн. сомду дарексиз пайдаланып, 9 млн. сомду солго сологону ачыкталды

26 Жалган куран 2018 17:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.03.2018. Govori. TV

Аскер прокуратурасы тарабынан мурдагы Коргоо министрлиги, азыркы Коргонуу боюнча мамлекеттик комитеттин жооптуу жетекчилери тарабынан ири өлчөмдөгү мамлекеттик каражат  мыйзамсыз коротулганы маалым болду. Бул боюнча башпрокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда белгилүу болгондой, 2015-жылы мамкомитеттин эсебине 70 млн. сомдон ашуун каражат түшүп, бул стратегиялык обьектилердин инфраструктурасын жакшыртууга жумшалган.  Бирок, андагы  комитеттин жана анын тармактарынын жооптуу жетекчилери, “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте акча каражаттарын өз билемдик менен сарптаганы ачыкка чыккан.

“37 млн. сомдон ашуун каражат аскердик обьектилерге байланышы жок курулуш-оңдоп-түзөө иштерине  жана материал сатып алууга кеткен”,-деп айтылат маалыматта.

Ошону менен бирге бул каражаттын ичинен 9 млн. сом чыгымдардын баасын жогорулатуу менен жазылганы да белгилүү болгон.

 

Учурда бул боюнча бир канча беренелер менен кылмыш иши ачылды.

Количество просмотров: 48