УКМК тараткан маалыматка ылайык, КР Куралдуу Күчтөрүндө аскердик коопсуздук шарттарын камсыздоо, чакыруу контингентинин сапатына терс таасирин тийгизген кызматтык кылмыштардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча тийиштүү иштерди уюштуруунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарын контракттык аскердик кызматка чакырууда КР Коргоо министрлигинде коррупциялык схема аныкталган.
«Пара алуу фактысы боюнча 2025-жылдын 23-сентябрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин командири Б.М.С. КР Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер бөлүгүнүн аскер кызматчысы М.А.Ж. менен алдын ала сүйлөшүп алып, анык аскердик кызматка чакыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынан 70 000ден 90 000 миң сомго чейин акча каражаттарын системалуу түрдө алгандыгы аныкталган. Текшерүүдө белгиленген кызмат адамдары аскерге чакырылганга чейин акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды», — деп жазылат маалыматта.
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 26-сентябрдагы чечими менен аталган Б.М.С. Кылмыш ишин тергөө учурунда 2 айлык мөөнөткө КР УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Кошумчалангандай, мындан тышкары аталган коррупциялык схеманын башка катышуучулары аныкталып, аларга карата тиешелүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.