Коргоо министрлигинде бир катар дайындоолор болду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
— Кирешеев Нурлан Исабекович коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
— Ибраев Акылбек Омукеевич коргоо министринин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
— Карасартов Алмазбек Оганович коргоо министринин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
— Тердикбаев Эрлис Жекшенович Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы болуп дайындалды;
— Мукамбетов Руслан Мустафаевич Коргоо министрлигинин Түштүк-Батыш ыкчам командачылыгынын командачысы болуп дайындалды.
Мамлекет башчынын кол койгон буйругуна ылайык, Чомоев Нурлан Нуридинович Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулду.