• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Коронавирус: 3 медицина кызматкеринен таажы илдети аныкталды

1 Бугу 202010:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-майга карата Кыргызстанда дагы 3 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, муну менен COVID-19 вирусун жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 198 адамга жетти. Анын ичинен 114 медицина кызматкери айыкты.

Жаңы катталган медицина кызматкерлери:

— Нарын облусунда – 1;

— Бишкек шаарында – 2.

Количество просмотров: 117