Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жана пневмониядан 19 адам көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова эртең мененки онлайн брифингде билдирди.
Бишкек шаарында 3 бейтап;
Чүй облусунда 2 бейтап;
Ош шаарында 3 бейтап;
Ош облусунда 2 бейтап;
Баткен облусунда 1 бейтап;
Ысык-Көл облусунда 4 бейтап;
Нарын облусунда 1 бейтап;
Жалал-Абад облусунда 3 бейтап.
Кыргызстанда вирустан каза болгондордун жалпы саны 1397 адамга жетти.