Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлардын саны 556га жетти. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкек — 160
Ош — 42
Чүй облусу – 95
Ош облусу — 54
Талас облусу — 17
Нарын облусу — 7
Ысык-Көл облусу – 40
Жалал-Абад облусу – 91
Баткен облусу — 50
Муну менен өлкө боюнча коронавирус менен ооругандардын саны 62304кө жетти.