Бүгүн, 27-июнга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 992 адамдын анализинин жыйынтыгы менен коронавирус тастыкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 120 миң 865 адам коронавирус менен катталган.