Алты айдын ичинде Бишкекте мопед, скутер жана самокаттардын катышуусунда 109 жол кырсыгы катталганын Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева билдирди.
Ал Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик транспорттун бул түрүн жөнгө салабы деп сурады.
«Аларга айып пул салынды, бирок жол кырсыктары азайбай жатат, бул айдоочулардын жол эрежесин билбегендигинен уламбы, балким, башка мамлекеттердин тажрыйбасын үйрөнүп, жөнгө салыш керекпи? — деп сурады депутат.
Унаа мекемесинин башчысы Рустам Жокоев мопеддерди жана мотороллерлерди каттоо иштери жүрүп жатат деп жооп берди.
«Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоонун мамлекеттик инспекциясынын комиссиясы жол кырсыктарына скутерлердин катышуусу боюнча иш алып барууда, эгерде кошумча критерийлерди киргизүү зарыл деп чечсе, анда мотоциклдерди жана мотороллерлерди айдоо үчүн атайын үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгү болушу керек категориясы жок унаа айдагандар үчүн айып пул каралган”, — деп белгиледи Жокоев.