Жыл башынан бери Кыргызстандан Өзбекстанга 1 миллион 400 миң турист барган. Бул тууралуу Өзбекстандын статистика агенттиги билдирди.
2024-жылдын январынан августуна чейин Өзбекстанга туристтик максатта 5,04 миллион чет элдик жаран кирген. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 16,7%га, же 721 миң адамга көбөйгөн.
Өзбекстанга Тажикстандын 1,4 миллион адам, Казакстандын 1 миллион, Орусиядан 5,3 миллиондон ашык киши барган.
Эске салсак, 2023-жылы Өзбекстанга Кыргызстандан 1,6 миллиондон ашык турист барган.