Талас облусундагы коронавирусту жайылуусун көзөмөлдөө боюнча иш-чаралар өтүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү онлайн жыйын учурунда билдирди.
Ал Таластагы акыркы кырдаал тууралуу айтып берип, бир катар суроолорго жооп берди.
Марат Мураталиевге суроо узатылып, бул абалда жаңыдан ишин баштап жаткан базар, дүкөндөрдүн кайрадан жабылуусу мүмкүнбү деген суроо узатылды.
Ал эгер абал курчуй турган болсо жабылуу толук ыктымал экенин белгилейт. Андыктан атайы жол жоболорду так сактоо менен эрежелерге баш ийүү керектигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Талас буга чейин коронавирус каттала элек жалгыз облус болчу. Ал эми алгачкы учур кечээ, 10-июнда катталды. Бүгүн болсо дагы 2 учур катталып, жалпысынан азыркы күндө Таласта 3 адам коронавирус жугузган.