Кыргызстанда 24-июль саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 921 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Бишкек — 273
Ош – 75
Чүй облусу – 140
Ош облусу — 91
Талас облусу — 25
Нарын облусу – 22
Ысык-Көл облусу – 107
Жалал-Абад облусу – 138
Баткен облусу — 50
Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 921
Анын маалыматына ылайык, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 31 миң 247 адамга жетти.