Акыркы сутканын ичинде коронавирус жана пневмония (COVID-19 U07.1 жана U07.2) оорусу 494 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жаңы катталган катталган бейтаптар:
— Бишкек шаарында 112 адам;
— Ош шаарында 66 адам;
— Чүй облусунда 33 адам;
— Ош облусунда 95 адам;
— Ысык-Көл облусунда 94 адам;
— Жалал-Абад облусунда 53 адам;
— Баткен облусунда 23 адам;
— Талас облусунда 2 адам;
— Нарын облусунда 2 адам.
Муну менен Кыргызстанда жалпы 36 миң 299 бейтап катталды.