Коронавирус жана пневмония дагы 548 адамдан аныкталды
Коронавирус жана пневмония дагы 548 адамдан аныкталды
28 Теке 2020 11:18 Бишкек Govori.TV
Акыркы сутканын ичинде коронавирус жана пневмония (COVID-19 U07.1 жана U07.2) оорусу 548 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Коронавирус менен катталган бейтаптар:
Бишкек шаарында 9 адам;
Ош шаарында 7 адам;
Чүй облусунда 12 адам;
Ош облусунда 5 адам;
Ысык-Көл облусунда 1 адам;
Жалал-Абад облусунда 18 адам;
Баткен облусунда 9 адам;
Талас облусунда 4 адам.
Пневмония менен катталган бейтаптар:
Бишкек шаарында 130 адам;
Ош шаарында 26 адам;
Чүй облусунда 24 адам;
Ош облусунда 60 адам;
Нарын облусунда 36 адам;
Ысык-Көл облусунда 82 адам;
Жалал-Абад облусунда 83 адам;
Баткен облусунда 16 адам;
Талас облусунда26 адам.
Муну менен Кыргызстанда жалпы 33 миң 841 бейтап катталды.