• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Коронавирус: Жандандыруу бөлүмүндөгү бейтап өз алдынча дем алып жатат

1 Чын куран 2020 12:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-апрелде өкмөттөгү онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов коронавирус боюнча өлкөдөгү акыркы абал тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, учурда бейтаптардын ичинен 3 адам жандандыруу бөлүмүдө дарыланып жатат. Алардын экөө Ноокат районунда, абалы туруктуу. Бир бейтап Ош шаарында, ал өз алдынча дем алып жатат, абалы туруктуу оор.

Буга чейин аталган бейтап жасалма дем алдыруучу аппартка туташтырылганы маалымдалган.

«Жасалма дем алдыруу аппаратында жаткан бейтап учурда өз алдынча дем алып калды. Бирок, жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек», — деди ал.

Бүгүн саат 12:00гө карата Кыргызстанда дагы 4 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 111 адамга жетти.

Количество просмотров: 217