• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Коронавирус жуктургандар менен 10 446 адам байланышта болгон

16 Кулжа 202010:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-июнга карата Кыргызстанда дагы 100 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Муну менен республикада коронавирус жуктургандардын саны 2472 адамга жеткенин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

COVID-19 аныкталган бейтаптар менен 10 446 адам байланышкан. Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн. Учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда 1671 адам жатат.

Акыркы сутка ичинде 3624 изилдөө жүргүзүлдү.

Количество просмотров: 33