• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Коронавируска байланыштуу «Хоргос» базары убактылуу жабылды

27 Үчтүн айы 202010:15 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө коронавирустун өлкө аймагына жайылышына жол бербөө боюнча чечкиндүү чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Ошол эле күнү кечинде өкмөт башчы Аскар Маминдин катышуусунда өткөн жыйында аэропорттордогу жана казак-кытай чек арасындагы көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле кытай товарлары сатылган чек арадагы «Хоргос» базарынын ишин убактылуу токтотуу чечими кабыл алынды.

Кошумчалай кетсек, Коронавирус (2019-nCoV) 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында башталган. Азыркы убактагы маалыматтарга ылайык, 2 миңге жакын адам вируска кабылса, анын кесепетинен 57ге чукул адам каза болгондугу айтылууда.

Количество просмотров: 141