Аскердик госпиталда коронавирус илдетинен дарыланып жаткан АКШнын президенти Дональд Трамптын абалы канаттандырарлык. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, Трамп бүгүн, 5-октябрда ооруканадан чыгышы мүмкүн.
Дарыгерлер буга чейин президенттин дене табы жогорулап, анын саламаттыгы тынчсызданууларды жаратканын, бирок кийинки күнү абалы жакшырып, дем алуусу жеңилдеп калганын билдирген.
3-октябрда Трамп «Твиттердеги» баракчасына үч мүнөттүк видео жарыялап, алдыдагы бир нече күн «чыныгы сыноо» болорун айтып, айыгып кетишин каалагандарга ыраазычылык билдирген.