• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Коронавируска каршы эмдөө кандай жүрөт? (жол-жобосу)

29 Жалган куран 2021 13:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-мартта өлкөдө коронавируска каршы эмдөө башталды. Жарандар эмдөөдөн кандай өтөт? Экинчи вакцинаны канча күндөн кийин алганга болот? Бул боюнча Республикалык эмдөө борборунун жетекчиси Гулбара Сатыгулова кененирээк айтып берди.

«Күтүү залына 5 гана киши кириши керек. Бир күндө медайымдар 60 адамды эмдейт. Биринчи вакцина алуу үчүн алгач келген жарандар аты-жөнүн такташат. Андан соң эмдөөдөн өтүүгө макулдугун берүү үчүн атайын документке кол коюп, уруксат кагазын алышат. Кийинки этапта дарыгерлер жарандардын жалпы абалын, кан басымын текшертишет. Кийин атайы даярдалган бөлмөдө медайымдар эмдөө жүргүзөт. Эмдөөдөн өткөн адамга карта бейжик берилет. Анын ичинде бардык маалыматтар (эмдөөдөн өткөн убакыт, сааты) жазылган. Биринчи этапта вакцина алган жаран 21-28 күндөн кийин кайрадан экинчи эмдөө алат»,-деди ал.

Количество просмотров: 298