• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Коронавирустан дагы 3 адам каза болду

27 Кулжа 202010:20 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус оорусу аныкталгандан кийин дагы 3 адам каза болду. Бул маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 27-июндагы онлайн маалымат жыйында билдирди.

Көз жумган бейтаптар:

— Ош облустар аралык ооруканасында 1969-жылы туулган аял киши;

— Жалал-Абад облустук ооруканада 1944-жылы туулган аял киши;

— Аксы аймактык ооруканасында 1946-жылы туулган эркек киши.

Кыргызстанда коронавирус оорусу жуккандан кийин жалпы 46 адам көз жумду.

Количество просмотров: 289