• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Коронавирустун жаңы учуру катталган жок

16 Чын куран 2022 12:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 16-апрелге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, илдеттен эки жаран айыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 46 бейтап, амбулатордук түрдө 44 адам дарыланууда.

46 бейтаптын ичинен 31инин абалы орто оор, 10у оор жана бешөө өтө оор абалда деп бааланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 980 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 308 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Количество просмотров: 93