• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кош бойлуу аялдар 22-жумадан тарта эмдөөдөн өтө алат

2 Баш оона 2022 11:38 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, Кыргызстанда кош бойлуу аялдар 22-жумадан тарта эмдөөдөн өтө алат. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлайт.

Маалыматка ылайык, төмөнкү факторлорду эске алуу менен эмдөөдөн өтүүгө болот: дене салмагынын индекси жогору болгон 35 жаштан ашкан аялдар, коштолгон оорулар — кант диабети, гипертония ж.б.

“Окумуштуулардын көптөгөн изилдөөлөрүнө ылайык, COVID-19га каршы вакцина кош бойлуу аялдарда боюнан түшүп калуу коркунучуна таасирин тийгизбейт. Вакциналар тууралуу өз пикириңизди расмий ишенимдүү булактардын негизинде түзүүнү сунуштайбыз”, — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бүгүнкү күнгө чейин дүйнө жүзү боюнча көптөгөн аялдар кош бойлуу кезинде же эмчек эмизүү учурунда COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшкөн жана кош бойлуу аялдар жана алардын ымыркайлары үчүн эмдөөнүн коопсуздугу боюнча эч кандай кооптонуулар аныкталган эмес.

Количество просмотров: 110