• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кошалиев: Элдик Курултайда 143 делегат жарыш сөзгө чыгып, 2000 сунуш келип түштү

1 Бештин айы 2022 11:29 Бишкек Govori.TV

Биринчи Элдик курултай максатына жетти. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда өткөн маалымат жыйында Биринчи Элдик Курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиев билдирди.

Анын айтымында, жыйында эки күн бою ачык-айкын сөздөр айтылып, ошонусу менен өзгөчөлөнүп турду.

«Эки күн аралыгында 143 делегат жарыш сөзгө чыгып сүйлөштү. Жалпысынан 2000ге жакын суроо, сунуштар келип түштү. Курултайды уюштуруу комитети мунун жыйынтыгында 7 багытта иш алып барууну чечти. Биринчиси, улуу муундар менен. Бүгүнкү күндө өлкө аймагында бир канча аксакалдар уюму бар экен. Кыргыз көчүн түздөө максатында ал уюмдардын лидерлери менен түз өзүм иштөөнү пландап жатам. Экинчиси, аялдардын маселеси өтө курч турат. Ошондуктан бир багыт аялдар жөнүндө болуп, бул ишти Дамира Ниязалиева (ред.: Элдик курултайдын төрагасынын орун басары) алып барат. Үчүнчүсү, билгилер тобу, илимий чыгармачыл интеллигенциянын үнү угулбай калды. Илимге жана билгилерге таянып, алардын пикирин угуп, мамлекеттин өнүгүүсү боюнча программаларды иштеп чыгарууда алар менен иштөө. Төртүнчүсү, жаштар болсо, бешинчи багыт мекендештер, эмгек мигранттары менен иш алып баруу. Ал эми алтынчысы, аймактар менен иштешүү. Аймактар боюнча кураторлор болуп, улуттук маселеге жоопкерчилик алат. Акыркысы, элдик демилгелер борбору деп аталат. Бул маалымат талдоо борбору: элден түшкөн ар кандай суроо, сунуш, талап, идеялар каралып, турмушка ашырылат

Эске салсак, 25-ноябрда Бишкектеги Улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өткөн.Мамлекеттик деңгээлде уюштурулган жыйын эки күнгө созулуп. Ага өлкөнүн булуң-бурчунан делегаттар келген 1072 делегат катышкан.

Количество просмотров: 87