• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Кошумча күчтөр тартылсын». Өкмөт башчы Ысык-Көлдөгү абал тууралуу…

29 Теке 2020 15:48 Бишкек Govori.TV

Эпидемиологиялык кырдаал курч болуп турган учурда жарандардын өмүрү аймактардагы ар бир акимдин жана айыл өкмөт башчынын натыйжалуу ишинен көз каранды экенин эсиңерден чыгарбагыла. Мындай кайрылууну премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында жасады.

«Айрым аймактарда илдеттин кесепетинен каза болгондордун статистикасы жогорулап жатат. Район акимдери үстүртөн көзөмөлдөбөй, ишке өздөрү аралашып, тапшырманы жүзөгө ашырууга тийиш. Ооруканадагы ар бир бейтап боюнча маалымат алып турсун. Буга чейин штаб тарабынан үймө-үй кыдырып, ооругандарды аныктоо милдети коюлган. Бул жумуш тийиштүү деңгээлде аткарылбай жатат», — деди Кубатбек Боронов.

Ошондой эле премьер-министр Ысык-Көл облусунда эс алуучулардын агымы көп болуп жаткандыктан аймакта көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берди.

«Статистикалык маалыматтар боюнча, өткөн айда Ысык-Көлгө эс алуу үчүн 3 миң адам барса, июль айында — 20 күндүн аралыгында 10 миңден ашык киши барды. Эс алуучулардын арасында дагы ооруп, дарыланып жаткандар дагы болушу мүмкүн. Ошондуктан облусту, өзгөчө курорттук аймакты катуу көзөмөлдөө керек. Зарыл болсо кошумча күчтөр тартылсын», — деди өкмөт башчы.

Жыйындын жүрүшүндө аймактарда медицина кызматкерлеринин кадрдык резервин түзүү маселеси талкууланды. Премьер-министр дарыгерлер үчүн кыска мөөнөттүү окуу курстарын уюштуруу иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Количество просмотров: 272