Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев 5-кичи райондо киши колдуу болгон үй-бүлөнүн окуясы боюнча жаңы жагдайларды айтып бергенин АКИpress жазды.
«Кошуналар эмерек жылдырылгандай үн, буюмдардын кулаганын, кыйкырыкты укканы менен ага маани берген эмес. Кыз терезеден секиргенде автоунаанын сигнализациясынын добушу да угулган. Жарандарды мындай учурларда кайдыгер болбой, реакция кылып, өз учурунда маалымдоого чакырам. Үйдүн жашоочулары ызы-чуу туурасында үй комитетинин жетекчисине кеч кабарлашкан. Ал эртеси иштен келгенден кийин камераны кечинде карап, андан соң участкалык милицияга билдирген. Ал келип, баарын көрүп, нөөмөтчүгө жана ӨКМге кабарлаган. Батирдин эшигин ачып, үйдүн ичинен өлүктөрдү табышкан. Шектүүнү саат 04:00дө өз үйүнөн кармашкан. Ал каршылык көрсөткөн эмес, унчукпай конвойдун коштоосунда Октябрь РИИБге барган «, — деп айтып берген Ногойбаев.
Эскерте кетсек, 16-февраль күнү кечинде 5-кичи райондогу батирлердин биринде 51 жаштагы аял жана анын 17 жаштагы кызы менен жашы жете элек уулу киши колдуу болгон. Милиция бул кылмышка шектүү катары 36 жаштагы А.Ч.К. аттуу эркек кишини колго түшүргөн. Шектүү ЖКнын депутаты болуу үчүн шайлоого катышкан.