• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Бишкектеги үч адамдын өлүмү: Бүгүнкү жараянда айыпталуучу көрсөтмө берүүдөн баш тартты

25 Аяк оона 2023 15:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-сентябрда Бишкектеги Октябрь райондук сотунда үч кишинин өлүмүнө шектелип кармалган Чынтемир Аширалиевдин иши каралып жатат.

Шектүү сотко жеткирилди. Ишти караган судья Надырбек Токтосунов. Соттук процесске маркумдун 81 жаштагы апасы жана жакындары катышууда.

Бүгүнкү жараянда калган 4 күбө суралмак, бирок алар келген жок. Ал эми шектүү Аширалиев өзүн начар сезип жатканын айтып, көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Буга байланыштуу кийинки отурум 5-октябрь, саат 14:00гө белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкекте 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган. Кылмыш иши тергелип бүтүп, июнь айында сотко өткөн.

Аширалиев УКМКда 15 жыл иштеген. 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин койгон.

Количество просмотров: 1553