Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багытында түзүлгөн жумушчу топтун кеңейтилген отурумуна катышты, Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы боюнчы бир катар маселелерге көңүл бурду.
Эл өкүлү сөз эркиндиги, аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо, мигранттардын жана качкындардын укуктук абалын жакшыртуу, коррупцияга каршы күрөшүү, чакан этностордун укуктарын коргоо жаатындагы көйгөйлөргө токтолду.
Муну менен катар Гуля Кожокулова коррупция адам укуктарына жана туруктуу өнүгүүгө болгон негизги коркунучтардын бири экенин белгилеп: «Биз коррупция менен күрөшүү боюнча чараларды көрүп жатабыз, анын ичинен коррупцияга каршы органдарды түзүү жана тиешелүү мыйзамдарды кабыл алуу жана коррупцияга каршы иш-чаралардын натыйжалуу ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн бул жааттагы аракеттерибизди улантабыз», — деген депутат Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө, анын ичинен адам укуктарын коргоо максатында эл аралык коомчулук менен кызматташууга, эл аралык тажрыйбаны талдоого жана адам укуктарынын абалын жакшыртуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө даяр экенин кошумчалады.