Красноярск шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган багыт боюнча авиакаттамдарды «Россия» авиакомпаниясы аткарат. Каттам жумасына 3 жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жекшемби күндөрү болот. Учуунун убактысы 3 саат 30 мүнөт.
«2022-жылдын 15-июнунда Бишкекке биринчи каттам менен 85 жүргүнчү учуп келди. Красноярскиге 78 адам учуп кетти»,-деп айтылат маалыматта.