Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Кыргызстандын тик учактары Сомалидеги согуш болуп жаткан аймакка бериле турган болуп жатканын парламенттин жалпы жыйынында айтты.
Ал эми буга байланыштуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы ЖК депутатынын тик учактар тууралуу айтканы чындыкка дал келбей турганын Sputnik.kg сайтына билдирген.
«Эч кандай келишим түзүлгөн эмес. Бир дагы тик учак өлкө аймагынан тыш учкан жок. Авиапарк толугу менен Кыргызстандагы аэродромдордо», — деп айтылат билдирүүдө.