Бишкек. 22.05.2018. Govori.TV
Чет өлкөдө каза тапкан кыргыз жарандарынын сөөгүн алып келүү үчүн маркумдун жакындарына 50 миң сомдон компенсация төлөнөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.
Маалыматта «Каза болгон жаран чет өлкөдө кандай максат менен жүргөнүнө карабай анын жакындарына үч күн ичинде компенсация төлөйт. Ал үчүн маркумдун туугандары жакынын жоготкон күндөн тарта үч айдын ичинде Мамлекеттик миграция кызматынын маалымат-консультациялык борборуна арыз менен кайрылуусу керек», — деп айтылат маалыматта.
Аталган токтом жарыяланганынан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.