• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Кримавторитет Сакал ууру статусунан баш тартканын жарыялады

5 Тогуздун айы 2023 21:26 Бишкек Govori.TV

Кримавторитет Сакал ууру статусунан баш тартканын жарыялады

Криминалдык авторитет Сакал (Улан Токтосунов) «ууру» статусунан баш тартканын билдирди. Анын видео кайрылуусу социалдык тармактарга тарап жатат.

Ал видеодо «Уурулуктан Аллахтын ыраазычылыгы үчүн баш тартканымды расмий билдирем» деген.

Эскерте кетсек, 23-августта Сакал каймана аты бар кримавторитет Нарындагы No4 СИЗОдон Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге которулуп жатканы белгилүү болгон. Андан соң туугандарынын митингинен кийин Молдовановкадагы колонияга жайгаштырылган.

2014-жылы Улан Токтосунов кылмыш дүйнөсүндө “мыйзамдагы ууру” статусуна ээ болгону кабарланган болчу.

Количество просмотров: 2433