Карышкыр каймана аты бар кримтөбөл Мурсалым Умырзаков 14 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Умырзаков Кылмыш-жаза кодексинин 261 («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу»), 165 («Адам уурдоо»), 208 («Опузалап талап кылуу») жана 122инчи («Адам өлтүрүү») беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.
2010-жылы Мурсалым Умырзаков уурулук үчүн соттолгон. 2012-жылдын декабрь айында Нарын шаардык соту тарабынан шарттуу түрдө бошотулган. 2013-жылы кримтөбөл из жашырып кетип, ага издөө салынган. Ошол эле жылдын ноябрь айында Орусияда кармалып, калган жаза мөөнөтүн өтөшү үчүн Бишкекке алып келинген.