• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Криштиану Роналдо бешинчи алтын тобун алды

8 Бештин айы 2017 11:36 Бишкек Govori.TV

Португалия футбол курамасынын жана испаниялык «Реалдын» чабуулчусу Криштиану Роналдо 2017 жылдын жыйынтыгы менен «Алтын топту» бешинчи жолу жеңип алды. Бул тууралуу аталган сыйлыкты ыйгарган France Football журналы жазган.

«Алтын топту» Роналду бешинчи ирет жеңиши. Ал буга чейин бул сыйлыкты 2008, 2013, 2014, 2016-жылдары жеңген. Муну менен ал «Барселонанын» чабуулчусу, 30 жаштагы Лионель Мессинин жеңген «Алтын топторунун» санына жетти. Айта кетсек, Месси бул сыйлыктарды 2009, 2010, 2011, 2012, 2015-жылдары багындырган.

Белгилей кетсек, France Football «Алтын топ» сыйлыгын мыкты футболчуларга 1956-жылдан бери ыйгарып келет. 2010-жылдан бери өз добушун ФИФАнын тандоолору менен бириктирүүнү чечкен. 6 жыл катары менен лауреаттар ФИФАнын «Алтын тобуна» ээ болуп келишсе, 2016-жылы эл аралык федерация муну өз алдынча ыйгарууну чечкен.

Количество просмотров: 6