“Аль-Наср” футбол клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду Гиннестин рекорддор китебине кирди. Роналду YouTube каналын ачкандан кийин 24 сааттын ичинде ага 19 миллион 729 миң 827 адам катталган.
Роналдунун YouTube каналына алты күн ичинде катталгандардын саны 48 миллиондон ашкан.
Криштиану Роналду эң мыкты футболчулардын катарын толуктайт, дүйнөдөгү эң көп каражат тапкан спортчулардын сап башында турат.