«Аль-Наср» клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду өзүнүн YouTube каналын ачты. Ачкандан кийин эки сааттын ичинде ага 2 миллиондон ашык адам жазылган. Ошентип, бир күндө анын каналына 13 миллион адам катталган. Футболчуга YouTubeдун алтын баскычы ыйгарылды.
Роналду өзүнүн баракчасы аркылуу “Акыры менде YouTube канал ачылды. Менин каналыма жазылып, мени менен бир сапарлаш болуңуз”, — деп жазган.
Криштиану Роналду дүйнөдөгү эң мыкты футболчулардын катарын толуктайт. Азыркы тапта, дүйнөдөгү эң көп киреше тапкан спортчулардын сап башында Роналду турат.