• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Өлкөнүн Кореядагы элчилиги маданият министрлигин сындады

27 Баш оона 2018 10:55 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.08.2018.Govori.TV.
Кыргыз Республикасынын Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов маданият министрлигин сындады. Бул тууралуу элчи фейсбук баракчасына жазган.
“Маданият министри ооруп жатыптыр, ордунда СЕКИМОВ деген неме экен. Секимов, сенсиребей сүйлөгөндү үйрөнүп алыңыз, бешигимди терметкен эмессиз! Мен Кыргыз Республикасынын туризм тармагын Корея Республикасына жарнамалоо үчүн силерден брошюра, плакат сыяктуу маалыматтарды сурап кайрылдым сизге. Мекенибиздин туризм тармагын даңазалоо боюнча каттарыбызга 1 да жолу жарытылуу жооп жазбаганыңар аз келгенсип, тигиге телефон чал, буга телефон чал дейсиз. Тармактын жетекчиси катары эң биринчи бул сиздин милдетиңиз”,-деп жазат Султанов.
Анын айтымында, ар бир элчилике англис тилиндеги сапаттуу плакаттарды, брошюраларды, открыткаларды, сувенирлерди, видеороликтерди маданият министрлиги камсыз кылыш керек.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан буга чейин ТИМди сындаган. Ал, элчилик аэропорттон адамдарды тосуп алуу менен алектениши керекпи деп, Тышкы иштер министрлигинин «шашылыш» деген белги менен 6-февралда Кыргызстандан бара жаткан делегацияны тосуп алуу боюнча жөнөткөн катын фейсбуктагы баракчасына жарыялаг болчу.

//govori.tv/t-sht-k-koreyadagyi-e-lchi-timge-naarazyi-t/

 

Количество просмотров: 32