«Крокус сити холлго» кол салгандар ак түстөгү Renault Symbol үлгүсүндөгү унаа менен качып кетиши мүмкүн. Унаанын сүрөтүн РИА Новости жарыялады.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерде укук коргоо кызматкерлери иштеп жатат.
22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында ок атуу болду. Каза болгондор жана жарадар болгондор бар. Орусиянын Тергөө комитети “теракт” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.