Орусияда концерттик залдагы куралдуу кол салуудан каза болгондордун саны 24-мартка карата 137ге жетти, алардын 62си ким экени боюнча маалымат такталып, аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Тергөө комитети билдирди.
22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы “Крокус Сити” деп аталган борборго кеминде төрт куралчан адам кирип барып, концерт көргөнү барган адамдарды аткылай баштаган.
Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштаган.
Орусияда 24-март Аза күтүү күнү деп жарыяланып, каза болгондорду эскерип жатышат.
Каза тапкандардан тышкары жараат алгандар 150дөн ашык адам.
Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын, алардын төртөө “теракттын катышуучусу” экенин маалымдады.