• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Россиянын коргоо министри Бишкекке келди

27 Чын куран 202610:24 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов расмий иш сапары менен Бишкекке келди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

«Манас» эл аралык аэропортунда конокту Кыргызстандын Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кол башчысы Талантбек Талипов тосуп алды.

Жогорку даражалуу конок иш сапардын алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуусу пландалууда.

Количество просмотров: 94