• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Крым көпүрөсүндө жардыруу болду. Курмандыктар бар

17 Теке 2023 14:56 Бишкек Govori.TV

Орусияны аннексияланган Крым жарым аралы менен байланыштырган Крым көпүрөсүндө дүйшөмбүгө караган түнү жардыруу болуп, ал аркылуу жол кыймылы токтоду.

«РБК-Украина» жана «Украинская правда» басылмалары Украинанын коопсуздук кызматындагы булактарына таянып, Крым көпүрөсүндөгү түнкү чабуулду Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн деңиз күчтөрү менен Украинанын Коопсуздук кызматынын операциясы деп ырасташууда. «Көпүрөгө жер үстүндөгү дрондордун жардамы менен чабуул жасалды», — дешкен басылмалардын маектештери.

Readovka басылмасы көпүрөгө ракета тийип, анын кесепетинен 145-тирөөч кулап, эки бөлүгү кыйраганын билдирди. «Вагнер» компаниясына жакын Gray Zone телеграм-каналы көпүрөгө эки жолу сокку жасалганын жазууда.

Орусиялык Baza жана 112 Телеграм-каналдары өз булактарына таянып, көпүрөдө автоунаа менен бараткан белгороддук үй-бүлө — күйөөсү менен аялы каза тапканын кабарлашты. Кийинчерээк Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков бул маалыматты ырастады.

Орусиянын Улуттук антитеррордук комитети аннексияланган Крымдагы көпүрөнүн жардырылышын террордук акт деп атап, Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Москва көпүрөгө Украинанын эки учкучсуз учагы чабуул койгонун билдирүүдө.

Киев бул окуя боюнча комментарий бере элек.

Былтыр октябрда Крым көпүрөсүндө оор машина жарылып, күйүүчү май ташыган поезд өрттөнүп, көпүрөнүн бир бөлүгү жарактан чыккан.

Количество просмотров: 78