• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Путин Крым көпүрөсүндөгү жарылууга украин атайын кызматын айыптады

10 Тогуздун айы 2022 9:10 Бишкек Govori.TV

Орусиянын президенти Владимир Путин Крым көпүрөсүндөгү жардырууну уюштурууга Украинанын атайын кызматын айыптады.

Жекшемби күнү кечинде Орусиянын телеканалдары Путиндин Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин менен жолугушуусун көрсөтүштү. Анда Бастрыкин көпүрөдөгү жарылууга украин атайын кызматынын гана эмес, Орусиянын жана башка чет өлкөлүк жарандардын да тиешеси бар экенин билдирди.

Анын айтымында, жарылуу боюнча «Терроризм» беренеси менен кылмыш иши козголуп, Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) ага жооптууларды аныктады. Путин Крым көпүрөсүндөгү жарылууну «өтө маанилүү инфраструктураны талкалоого багытталган теракт» деп атады.

«Авторлору, аткаруучулары жана буйрутма бергендер – Украинанын атайын кызматы» – деп кошумчалады Путин.

Крым көпүрөсүндө жарылуу 8-октябрь күнү эртең менен болгон. Орусия тергөөсүнүн версиясына ылайык, көпүрө аркылуу аннексияланган Крымды көздөй бараткан жүк ташуучу автоунаа жарылган. Бир катар ЖМКлар автоунаанын ээси Краснодарда жашаган ишкерге таандык экенин, жарылуу болгондо аны тууганы айдап баратканын жазышкан.

Жарылуудан үч кишинин каза болгону айтылды. Мындан тышкары көпүрөдөгү автомашиналар жүргөн жолдун бир жак тарабындагы бир нече метрлик тилке талкаланып сууга түшкөн жана поезд жүрүүчү жол да жабыркаган. Кийин автомобилдик жолдун бир тарабы да, темир жол да кайра иштей баштаганы кабарланган.

Украина бул жарылуу боюнча расмий комментарий берген жок, бирок айрым украин саясатчылары бул Орусиянын Коргоо министрлиги менен Федералдык коопсуздук кызматынын ортосундагы тирештин натыйжасы деген пикирин жазышкан.

Дүйшөмбү күнү Путин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жыйын өткөрөрү кабарланууда.

Количество просмотров: 399