• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

КСДП чыккан өлкө башчылардын тиреши күч алдыбы?

30 Тогуздун айы 2018 12:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.10.2018. Govori.TV
КСДП:  “Икрамжан Илмиянов алды” деген акчага байланыштуу УКМКнын тергөөчүсүнөн келген катты жана ага жазылган жоопту жарыялады.
Атайын кызматтан келген, “24-октябрда жазылды” деген катта “тергөөнүн жүрүшүндө 2017-жылы 8-августта штабдын башчысынын орун басары Икрамжан Илмиянов “Дизел комплект” аттуу компаниянын өкүлдөрүнөн 150 миң долларды “демөөрчүлүк жардам” катары алганы аныкталды” деп айтылган. Ушундан улам КСДПнын эсебине ушунча акча түшкөн-түшпөгөнүн тактоо боюнча суроо берилген.
КСДП бул катка 29-октябрда жооп берип, анда партия бир добуштан президенттикке Сооронбай Жээнбековду көрсөткөнүн, ошондуктан шайлоого байланыштуу бардык маселелерди, анын ичинде каржылык маселелерди президенттикке талапкер жана анын штабы чечкенин жазган.
Катта КСДПнын штабга жана шайлоо фондуна эч кандай тиешеси жок экендиги, партия акчаны албаганы айтылган. Финансылык документтердин баары талапкердин штабы менен БШКда болоору белгиленген. Ошондуктан КСДП “бардык суроолор боюнча мурунку президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков менен анын штабына же БШКга кайрылууну” сунуш кылган.
Чекисттер КСДПнын билдирүүсүнө жооп беришти.
КСДП партиясы тарабынан таратылган И.Илмияновго карата кат алышуу жана билдирүүлөрүнө байланыштуу КР УКМК төмөнкүлөрдү маалымдайт.
Азыркы учурда мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө уланууда. Тергөө иштери ар тараптуу жана объективдүү жүргүзүлүүдө. Көрсөтүлгөн акча каражаттарынын келип чыгышы жана сарпталышы боюнча бардык жагдайлар такталып жатат.
Белгилей кетүүчү нерсе, тергөөдө И.Илмияновдун акча каражатын алгандыгы боюнча жетишерлик далилдер бар экенин айтышты. Учурда И.Илмиянов тергөө органдары менен активдүү кызматташууда.
Ал эми бүгүн,  Атамбаев президент болуп турган кездеги, Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча берилген тапшырмалардын аткарылышы тууралуу жыйын өтөт.
Мындан улам эки президенттин тиреши күч алып, өлкөдө олуттуу саясий өзгөрүү болгону калды өңдөнөт.

Количество просмотров: 25