• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Эки президенттин тиреши эмнеге алып келет?

31 Тогуздун айы 2018 17:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 31.10.2018. Govori.TV
КСДПдагы тиреш, эми ал партиядан чыккан президенттердин ортосунда дагы курчуй баштады.  КСДП “Илмиянов алды” деген акча боюнча Жээнбеков жооп берсин деп жарыя кылды эле. Учурдагы бийликтин депутаттары ЖЭБдеги авариянын чоо-жайын иликтеп жаткандыгынын жыйынтыгы тууралуу берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча жыйын өткөрүлүп, жооп кылгандай болду.
Жылуулук электро борбордогу авария, Атамбаев өлкөнү башкарып турган кезде болуп, аны оңдоп-түзөө иштеринде кылмыш иши болду делип, күнөлүү деп эсептелгендер абакта отурат. А бирок, Буга Атамбаевдин дагы түздөн-түз тиешеси бар экени көрүнүп турса да прокуратура коркоктук кылууда деген оюн айтты депутат Исхак Масалиев.
Дал ушул ЖЭБ маселеси мурунку жана учурдагы өлкө башчыларынын тирешин күчөтүүгө өбөлгө болууда. Мындай партиядагы тиреш мурдатан эле практикада кездешкен көрүнүш. Ал эми КСДП дагы жаатташуу тууралуу эл өкүлдөрү ар кандай ойлорун билдиришти.
Карамат Орозова жеке мамилени мамлекетке таасир этүүчү саясатка айландырбашы керек десе, Бакыт Төрөбаев учурдагы Президент милдетин аткарып жатат, Экс-президент дагы өз ордун билиши керек деген пикирин айтты.
Мындай жагдайды КСДП дан чыккан президенттер ымалага келишип, тынчтандырабы же тескерисинче чоң саясий өзгөрүшкө алып келеби, мезгил көрсөтөт.

Количество просмотров: 38