• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Эки президенттин тиреши КСДПнын чегинен чыкпасын

20 Жетинин айы 2018 19:53 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.11.2018. Govori.TV
Төрт күндөн кийин президент Сооронбай Жээнбековдун кызматка отурганына бир жыл толот.
Ал күнү жылуу каалоо-тилегин Алмазбек Атамбаев дагы билдирип, айтор баары башкача эле.
 Андан бери далай суу агып, эки достун ортосуна ажырым кетип, Атамбаевдин ага чейинки ачуу кептерин “ичтен жутуп”, бир жыл бою үн катпаган Сооронбай Жээнбеков алтымыш жылдык юбилейинин алдында “тарс” жарылды.
Анын 31-мартта айткандары мен үчүн күтүүсүз болду. Ал мени жемкорлукка, ЖЭБдеги кырсыкка айыптады. Анын эмнеге умтулуп, эмне максатты көздөгөнүн түшүнө албай койдум. «Досум», «партиялашым» дегенге жакын, бирок достор менен партиялаштар мындай кылбайт.
Көп күттүрбөй “Апрель” телеканалы аркылуу Алмазбек Атамбаев бир жылдан бери чогулган кеп-созун айтып анын бир топ болугун Жээнбековдун дарегине багыштады.
Кызыгы, Алмазбек Атамбаевдин мындай “атакасына” кандай жооп кайтарат деп күткөн коомчулуктун шаабайы суугандай болду. Анткени, президент Жээнбеков дагы, анын маалымат кызматы дагы экс-президенттин маегине ак дагы, көк дагы деген жок. Болгону мурдагы Өкмөт башчылары жана спикерлер менен жолугушкан президент учкай пикирин айтып өттү.
Кыргызстандын саясий элитасы бири-бирин сыйлаганды, бири-бирин укканды үйрөнүшү керек. Алар конструктивдүү кызматташа алса, анда өлкөдө тынчтык, ынтымак жана өнүгүү болот.
Унчукпай кутуулуну чечкен учурдагы президенттин дарегине экс-президент каалаган оюн айтып, кемсинтүүгө чейин жетти.
 КСДПдан чыккан мурдагы жана азыркы президенттин тирешүүсү саясатчылардын чырагына “май тамызып”, бүгүн пикир айткандар арбын.
«Алмазбек Атамбаев Жалал-Абадда ууланып жатканда аны Сооронбай Жээнбеков Кара-Кулжага алып барып, кымыз берип, сактап калганын айта жүрүү керек. Ал эмес ага жакшылык кылгандарды да эстеп жүрүүсү керек. Мен бул окуяны билем. Анткени ошондо Атамбаевди өзүм Жээнбековго өткөрүп берип, өзүнө келтирип, Бишкекке салып ийүүсүн айткам»,-дейт Азимбек Бекназаров.
Бул учурда партиялаштар дагы эки жээкте отуруп, акыйнек айтышууда. Өткөндө Өмүркулов менен кер-мур айтышкан Ирина Карамушкина экс-президент Алмазбек Атамбаев менен иштөөнү каалабаган парламенттеги фракция мүчөлөрүнө партиядан чыгууну сунуштай турганын айтса,   Абдывахап Нурбаев КСДП партиясынын көпчүлүк мүчөлөрү экс-президент жана партия лидери Алмазбек Атамбаевди колдоого даяр эмес дейт. КСДПдагы мындай ит арка абалдан пайдаланып, саясый божомол айткандар арбын.
Эң кызыгы, экс-президент дагы учурдагы президент дагы КСДПга гана тиешелүү бул тиреш мамлекетке кедергиси тийбеши керек экендиги менен иштери жоктугунда.

Количество просмотров: 31