• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

КСДП: “Кулматовдун ордуна Матраимовго, Авазовдун ордуна Өмүркул уулуна иш козголушу керек эле…”

23 Бугу 2018 13:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23. 05. 2018. Govori.TV

“Акыркы учурда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын ишмердигине терс баа берген жасалма маалыматтарды коомчулукка таратуу аракети жүрүп жатканын байкап жатабыз”. Мындай сыпаттаманы КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирип чыкты.

Анын айтымында, айрым кылмыш иштерин иликтөөдө укук коргоо органдары тандамал мамиле жасап жатышат. Ошондой эле Жогорку Кеңеш Бишкек ТЭЦинин авариясы боюнча токтом кабыл алып жатканда аварияга жоопкер адамдардын ордуна, экинчи маселеге басым жасап, ТЭЦтин модернизациясынын авторлорун күнөөлөөгө өтүшкөн. Ал эми эксперт-адистердин пикиринде, тескерисинче, авариядан дал ошол ТЭЦтин жаңы курулган бөлүгү сактап калган.

“Башында ТЭЦтеги авария фактысы боюнча кылмыш иши ачылган. Бирок, авария учурундагы баардык жоопкерчилик мойнунда турган Нурлан Өмүркул уулун жоопкерчиликке тартуунун ордуна аварияга тиешеси жок КСДПнын мүчөсү. Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазовду камакка алышып, партиянын төрага орун басары Сапар Исаковду суракка чакырып жатышат”,-дейт К. Жолдубаева.

Ошондой эле ал бажы тармагындагы 5каражаттын уурдалышын иликтеп, чукул өсүштөн улам аачык далил болгон Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдудун жоопкерчилигин кароонун ордуна, тармакты корруциядан тазалоону баштаган Кубанычбек Кулматовду кылмыш жоопкерчилигине тартууну партия түшүнбөй жатканын кошумчалайт.

“УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын мындай тандамал мамилеси коорупцияга каршы күрөш идеясынын өзүн четке кагып жатат деп эсептейбиз”,-дейт ал.

Эске сала кетсек, азыркы Президент да КСДП партиясынын бирдиктүү талапкери, Өкмөт да КСДП башында турган көпчүлүк коалициянын сунушу менен шайланган.

 

Количество просмотров: 6