Бишкек. 05.04.2019. Govori.TV.
Сагынбек Абдрахмановдун жетекчилиги астындагы альтернативдүү КСДП партиясы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден мөөрдү берүүсүн бүгүнкү өткөн маалыат жыйында талап кылган.
«Эгерде Атамбаев мөөрдү өз эрки менен берүүдөн баш тартса, анда биздин кыймыл аны сот аркылуу алууга ниеттенип жатат»,- деген Абдрахманов.
Ал эми КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Абдрахманов партиянын мөөрүн талап кылууга акысы жок, анткени алардын бирикмеси жана съезди мыйзамсыз болгонун айтып, мөөрдү бербей тургандыктарын белгиледи.